Гектор Берлиоз

Википедия дан

Берлиоз Гектор Луи (11. 12. 1803- 8. 3. 1869) - француз композитору, белгилүү дирижер жана музыка изилдөөчү, жазуучу.

Париж консерваториясын бүтүргөн (1830). "Сардана-нал" кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алган (1830). Симфониялык музыканы театрлаштырууга умтулган. Көрүнүктүү чыгармалары: "Фантастикалык симфония" (1830), "Реквием" (1837), "Ромео жана Жульетта" (1839), "Фаустту айыптоо" ораториясы (1846), "Трояндыктар Карфагенда" (1855-59) ж. б. Берлиоз дирижёрлук кылуу боюнча Р. Вагнер менен бирге жаңы мектепке негиз салган. Берлиоз музыкадагы романтизмдин ашкере маалым өкүлдөрүнөн.

Ал новатор катары музыкага форма, гармония, инструментовкалоо боюнча көп жаңылыктар киргизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.