Гелиогравюра

Википедия дан

Гелиогравюра (гелио... жана гра­вюра) — фотографиялык жанa хим. процесстер аркылуу даярдалуучу оюнку басуу ыкмаларынын бири.

Бул 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Гелиогравюрада суроттолуштун диапозитиви жарык сезгич желатин сүйкөлгөн кагазга (пигмент кагазына) түшүрүлөт да, анын көчуүмөсү асфальт бүртүктөрү сүйкөлүп, растр деп аталуучу жез пластинкасына көчүрүлөт. Ал көчүрмөнү хим. реактив менен өңүнө чыгарганда пластинканын бетинде ар турдуу калындыктагы желатин катмары түзүлөт. Аны хлордуу жезэритмеси менен иштеткенде пластинкада ылдый тереңдеп түшкөн басылма элементтер пайда болот. Гелиогравюра ыкмасы басууда жакшы сапатты камсыз кылганы менен, өндүрүмдүүлүгу анчальш болбогондуктан анын ордуна ракелдуу оюнку басуу көбүрөөк колдону­лат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.