Гелиотехника

Википедия дан

Гелиотехника - (гелио... жана техника) техникалык илимдин күн нурунун энергиясын башка энергияга айландыруу жолун изилдөөчү тармагы. Күн өтө көп нур энергиясын Жерге жиберет. Бул агымдын атмененын жогорку чегиндеги тыгыздыгы 1,4 кВд/м2 ге жетет, бирок анын бир топ бөлүгү атмосферага жутулат. Гелиотехникалык эсептөөлөрдө күн нурунун тыгыздыгы деңиз деңг. 0,815 кВд/м2 деп алынат. 1770-ж. О. Соссюр (Швейцария) «ысуучу ящик» түрүндөгү гелиокурулма жасаган. 19-кылымдын экинчи жарымында гелиотехникага кызыккандар көбөйгөн. А. Мушо (Франция), Ж. Эриксон (Швеция), А. Эниас (АКШ) Күн энергиясы менен иштөөчү аба жана буу кыймылдаткычынын тажрыйбалык үлгүлөрүн түзгөн. Россияда 1890-ж. В. К. Цераский ар түрдүү металлдарды параболалык күзгүнүн фокусуна жайгаштырып эритип, бир топ эксперимент жасаган. 1912-ж. Ф. Шумандын (Германия) жана У. Бойстун (Англия) сунушу боюнча Каирдин жанында ошол кезде ири деп эсептелген, кубаттуулугу 45 кВд болгон күнкурулмасы курулган. 20-кылымдын 30-жылдарында инж. эсептөө методдору иштелип чыккандан кийин сууну туздан тазартууда, жер кургатуу ишинде энергия булагы катары гелиокурулмалар пайдаланылган. Космос мейкиндигин өздөштүрүүгө байланыштуу күн нурунун энергиясын электр энергиясына айландыруу 6-ча иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда физика менен химиянын жетишкендиги жана жогорку техникалык мүнөздөгү арзан материалдарды (пластмасса, синтездик плёнкалар жана башка) колдонуу гелиокурулмалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат жана өзүнө турган наркын төмөндөтүп, күн энергиясын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]