Гелиофизика

Википедия дан

Гелиофизика (гелио... жанa физи­ка) — астрофизиканын Кун физикасынын проблемаларын изилдөөчү болуму.

Спектроскопиялык, спектрометрдик, фотометрдик, фотография­лык жанa радиоастраномиялык изилдөө методдорун колдонуу Күндүн темпнратура­сы, тыгыздыгы, атмосферадагы заттардын кыймыл ылдамдыгы, хим. элементтердин атомдорунун дуулугушу жана иондошу, электр жана магнит талаасы, о. эле алардын убакыт боюнча өзгөрүшү жөнүндөгү маалыматтарды алууга мумкунчулук берет. Ракета менен которулгон приборлордун жарда­мы аркылуу Кундун корпускулалык нур чыгарышы жанa анын ультракызгылт көк, рентген нурлары үйрөнүлөт. Гелиофизикада теориялык физиканын методдорун колдонуу менен Күндүн физ. моделинин түзүлүшү жанa анын атмосферасында болуучу кубулуштары байкалып, такталып турат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.