Астрофизика

Википедия дан

Астрофизика - астрономиянын асман телолорун, алардын системаларын, Ааламдын пайда болуусун, түзүлүшүн, химиялык тегин, физикалык касиеттерин ж-а алардын өзгөрүүлөрүн (эволюциясын) изилдөөчү ири бөлүмү. Астрофизикада асман телолорунун нур чыгаруусуна жараша инфракызгылт, оптикалык, ультракызгылт-көк, рентген нурларынын астрономиясы ж-а аларга ылайык астрологиялык аспаптар колдонулат. Астрофизика изилдөө объектиси б-ча Күн, планеталар, жылдыз аралык чөйрө ж-а тумандуулук, жылдыздар физикасы, космология, ал эми ыкмасы б-ча астрофотометрия, астроспектроскопия, астроколориметрияга бөлүнөт. Астрофизика 20-кылымда жакшы өнүккөн. Ал теориялык ж-а практикалык болуп айырмаланат. Теориялык астрофизика асман нерселеринин түзүлүш теориясын түшүндүрүүдө теориялык физиканын закондорун ж-а маалыматтарын пайдаланат. Практикалык астрофизика да асман нерселерин изилдөөдө жаңы ыкма рад иотолкуну м-н байкоо жүргүзүүчү радиоастрономия пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1