Гелиоэнергетика

Википедия дан

Гелиоэнергетика - (гелио... Күн жана энергетика) гелиотехниканын жардамы менен күн радиациясынан энергия алуу. Анда электр энергиясын жана жогорку температурадагы жылуулукту өндүрүү үчүн күнэлектр станциялары, күн элементтери жана батареялар, ошондой эле имараттарды жана күнөсканаларды (теплицаларды) жылытуу үчүн төмөнкү температуралуу жылуулук өндүрүүчү күн коллекторлору колдонулат. Мында энергияны керектөө жана атменены булгоочу заттардын өлчөмү 10-20%ке төмөндөйт. Айрым өлкөлөрдө күн энергиясы калыбына келүүчү энергия булагы катары ийгиликтүү пайдаланылууда. Мисалы, Израилде гелиоэнергетика аркылуу ысык суу менен турак-жайлардын 65%и камсыз кылынат. Күн батареясында иштеген дүйнөдөгү 1-электр станциясы Калифорнияда (кубаттуулугу 6,5 МВт) курулган. Ал 2,5 миңге жакын турак-жайды жылытат. 1983-ж. Калифорниянын түштүгүндө «энергия мунаралары» курулган. Алар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды бөлүп чыгарбай, энергия өндүрүмдүүлүгү боюнча АЭСке теңдешкен. Азыр дүйнөдө 20га жакын курулма бар, алардын 9у Калифорнияда, калгандары Израиль, Франция, Испания, Японияда жана КМШ өлкөлөрүндө. Бирок гелиоэнергетика энергияга болгон муктаждыкты толук чече албайт; анткени бул энергияны чогултуп сактоо кыйын, алыскы аралыкка жоготуусуз берүү мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу жаңы ыкма күн энергиясын химиялык энергияга айлантуу жолу табылууда. Мисалы, Сауд Арабиясында күн энергиясынан отунду (суутек) алуучу жана АКШда фотоэлектрдик курулмалар колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]