Гемолизиндер

Википедия дан

Гемолизиндер — кандын эритроциттеринен гемоглобинди бошотуучу заттар. Бул учурда гемоглобин кан менен анын суюк бөлүгүндө эригендиктен кан өтө агыш болуп (тунуп) калат.

Гемолизиндер - көбүнчө бактериялардын (стафиллококк, стрептококк), мите курттардын, курт-кумурсканын, чаяндардын, кээ бир уулуу жыландардын (лизолецитиндер) тиричилик аракетинин туундулары. Гемолизиндер кандын сары суусунда болушу (нормалдуу Гемолизиндер) жана өз эритроцитин эритиши (аутогемо­лиз) мүмкүн. Алар көбүнчө жаныбарлардын эритроцитин ошол эле турдун канына (изолизиндер) же башка түрүнө куйганда (гетеролпзиндер) пайда болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.