Гемолиттик аз кандуулук

Википедия дан

Гемолиттик аз кандуулук — Кызыл кан денечелеринин тез бузулушунан пайда болгон аз кандуулук оорусу.

Кандагы Кызыл кан денелери орто эсеп менен 110—120 күн жашайт. Бирок алар түрдүү оорулардан (туберкулёз, сепсис ж. б.), уулануудан (жылан жанa аары уусунан, мышьяктан) жанa кээ бир дарылардын таасиринен бузулуп, 7—8 күн гана жашайт да, Гемолиттик аз кандуулукту пайда кылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.