Гемонхоз

Википедия дан

Гемонхоз — кепшөөчү малдын мите курт ыланы. Гемонхустар малдын жумурунда жанa ичке ичегисинде мителейт, алар малдын канын сорот.

Гемонхоз менен кой, уй, эчки ылаңдайт, айрыкча жаш мал катуу жабыркайт. Ылаңдаган малдын ичеги-карынындагы былжыр чел канталап жараланат, мал чычкактайт, кансырайт, арыктайт. Диагноз мите курт уругун табуунун жана клиникалык, эпизоотологиялык белгилердин негизинде коклат. Дары катары фенотиазин, тетрамизол ж. б. препараттар берилет. Бул дарыларды жемге аралаштырып берүүгө да болот. Жайыт которуу, кыкты биотермикалык жол менен залалсыздандыруу, малды туура тоюттандыруу профилактикада олуттуу роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.