Гемоцитобласт

Википедия дан

Гемоцитобласт (гемо..., гр. kytos— орун ж-а blastos — түйүлдүк) — адам жана омурткалуу жаныбарларда канды пайда кылуучу клеткалардын бир формасы.

Ар турлуу кан элементтеринин бир типтуу клеткалардан келип чыгышы жөнүндөгү теория боюнча Гемоцитобласттан эритроцит, лейкоцит, мегакарпоцит пайда болот.

Рибонуклеин кислотасынын көптүгүнөн Гемоцитобласттын цитоплазмасы базофилдуу келет. Гемоцитобласт мезенхима клеткасынан калыптанат. Ал түйүлдүк оорчуй баштаганда анын сарысындагы кан тамырларда, өөрчуу стадиясынын акырында жана жетилген организмде кан пайда кылуу­чу органдарда жайгашат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.