Лейкоцитоз

Википедия дан
Лейкоцитоз

Лейкоцитоз — канда лейкоциттин көбөйүшү. Лейкоцитоз физиологиялык жана патологиялык болот. Биринчиси дени соо адамда, экинчиси ооруп аткан абалда пайда болот.Физиологиялык лейкоцитоз тамактангандан, иштегенден кийин жана башка учурда байкалат. Патологиялык лейкоцитоз ириңдүү сезгенүү процессинде, бир катар инфекциялык ооруларда, кемикке уу заттар же кан айлануунун бузулушу таасир эткенде (мисалы, миокарддын инфаркты) болот. Лейкоцитоздун бардык түрү себебин четтеткенден кийин жоголот. Лейкоцитоз кан пайда кылуучу ткандардын шишигине байланыштуу болушу да мүмкүн (Лейкоз).

Физиологиялык лейкоцитоздун себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • тамактануу (лейкоциттин саны 10—12·109/лден ашпайт)
  • кара жумуш, ысык жана муздак ваннада жууну
  • боюнда болуу, төрөө, менструация астындагы мезгил

Ушул себептен канды ачкрын тапшыруу керек, ооруканага бараарда кара жумуш жазабаш керек. Боюнда барларга, төрөөчүлөргө, балдарга өз нормалары бар.[1]

Патологиялык лейкоцитоздун себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • инфекциялык оорулар (пневмония, сепсис, менингит, пиелонефрит жана башкалар)
  • иммундук системаны жабыркатуучу инфекциялык оорулар (инфекциялык мононуклеоз жана инфекциялык лимфоцитоз)
  • микроорганизмдер менен пайда болгон ар кандай сезгентүүчү оорулар (перитонит, флегмона жана башкалар)

Төмөндөгүлөр буга кирбейт: лейкопения менен чоогу болгон кээ бир инфекциялык оорулар (ич келтеси, безгек, бруцеллез, кызылча, кызамык, грипп, курч фазадагы вирустуу гепатит ). Эгер инфекциялык оорунун курч фазасында лейкоцитоз болбосо, бул организмдин начар реактивдүүлүгүнүн (каршылыгынын) белгиси.

  • микробдук эмес этиологиялык сезгентүүчү оорулар (системалык кызыл бөрү жатыш жана башкалар)
  • ар кайсы органдардын инфаркты (өпкөнүн миокардасы дагы ушундай сыяктуу)- анын негизинде асептикалык (микробдук эмес) сезгенүү
  • чоң күйүктөр
  • көп кан жоготуу
  • коркунучтуу оорулар (онкология)

Төмөндөгүлөр буга кирбейт: сөөк чучугундагы метастаздар кан жаралышты бузуп жана лейкопенияны жаратышы мүмкүн

  • пролиферативдик (лат.proles-укум-тукум+ferre-алып жүрүү=жаңы пайда болуунун(көбөйүшүнүн) натыйжасында организм тканынын өөрчүсү)
  • кан тамыр системасынын оорулары (лейкоздор жана башкалар), бирок бул лейкемиялык (50-80 109/л лейкоциттер) жана субклеймиялык (50-80 109/л лейкоциттер) гана формаларына таандык.

Төмөндөгүлөр буга кирбейт: лейкопениялык (кандагы лейкоциттердин санынын нормадан аздыгы ) жана алейкемиялык (кандагы лейкоциттердин санынын нормадан аздыгы, жетиле элек клеткалардын жоктугу) формаларында, лейкоцитоз болбойт

  • уремия, диабет комасы
  • спленэктомия(көк боордун алып салышы)- нейтрофилдин саны 90% көбөйүүсү менен болгон лейкоцитоз 15-20 109/л

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. лейкоцитоз

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8