Георг Фридрих Гендель

Википедия дан
Гендель Георг Фридрих‎»‎ барагынан багытталды)

Гендель Георг Фридрих - (23. 2. 1685, Галле 14. 4. 1759, Лондон) немис композитору, органист, скрипач. Өмүрүнүн көбү Англияда өткөн. 17 жашында Галладагы собордун органисти жана музыкалык жетекчиси болгон. Ошол кезде жалгыз немис опера театры жайгашкан Гамбург шаарына келип (1703), «Альмира» жана «Нерон» операларын жазган. Гамбург опера театры жабылгандан кийин Италияга кеткен, Флоренцияда, Римде, Неаполдо, Венецияда жашап, мыкты композитор катары таанылган. Гендель «Родриго» (1707), «Агриппина» (1709), «Ринальдо» (1711), «Радамист» (1720), «Юлий Цезарь» (1724) жана башка 40тан ашуун операнын автору. Ал опера жанрында баатырдык жана турмуштук образдардын музыкалык мүнөзүн тереңдетип, оркестрди вокалдык формалар менен байыткан. Ораторияларында опералык-драмалык («Самсон», «Иевфай» жана башка), лирикалык («Шайыр, кыялкеч жана токтоо») мүнөз пайда болгон, алардын бардыгында Гендельге таандык оптимизм, сулуулукту аздектөө сезилип турат. Ал 30га жакын оратория жазган, хор өнөрүн өркүндөткөн, аспаптык музыкага да зор үлүш кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]