Генеалогиялык циклдештирүү

Википедия дан

Генеалогиялык циклдештирүү — эпостордун өсүп-өнүгүшүндөгү чыгармачыл процесс. Эпикалык циклдештирүү окуяларды башкы баатырдын жеке керт башына таандык кылып тизмектеп, анын өмүр баянына болгон кызыгууну канааттандыра алса, андан ары баатырдыгы өзүнөн кем калышпаган баласы, ал турсун небере-чөбөрөлөрү жөнүндөгү бөлүмдөр жаралат. Г. ц. мыйзамы биринчиден, элге өтө кеңири таралган, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эпикалык башкы каармандын түпкү тегин таанытуу максатын ишке ашырат. Баатырдын эли-жери, ата-бабасы жайынча саналып өтүлөт да, кыскача баян менен гана чектелет. Профессор В. М. Жирмунский «Манас» генеалогиялык принцип боюнча улантыларын белгилөө менен Манастын ата теги туурасында эпосто жомоктолуп так айтылбаганынан улам, адеп пайда болгондо окуя жалгыз гана Манас, анын атасы Жакып тууралуу өнүгүп, Манастын ата-бабаларынын саналып айтылышы эпоско кийин кирген нерсе болуш керек деп эсептейт. Анткени бардык варианттарда манасчылар Манастын тегин ар түрдүүчө айтышат. Ырас, айрым ысымдар окшош болгон учурлар жок эмес. Маселен, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манастын түпкү атасы Каракан, андан Огузкан — Аланча — Байгур — Бабыркан — Түбөй — Көгөй — Ногой — Жакып — Манас — Семетей — Сейтек; Саякбай Каралаевдин вариантында Түгөлкан — Бабыркан — Бөйөн — Чаян — Ногой — Балакан — Каракан — Жакып — Манас — Семетей — Сейтек деп айтылса, Мамбет Чокморовдун вариантында Асанкайгыдан башталат. Радлов жазып алган вариант менен Валиханов жазып алган эпизоддо Манастын түпкү аталарынын бири — Бөйөнкан. Бирок, Манастын өз атасынан баштап генеалогиялык байланыш үчилтикте түз сызык боюнча так алынып өтүлөт. Ч. Ч. Валиханов өзүнүн «Жунгария очерктеринде» Семетейдин атасынын өчүн алышы кыргыз эпопеясынын экинчи бөлүгүн түзөрүн айтып, эпостун ар бир бөлүгү өз алдынча чыгарма катары ошондой эле кеңири белгилүү экендигин көрсөтөт. Академик Б. М. Юнусалиев эпос алгач генеалогиялык циклсиз эле жашап, качан гана Чоң казатта баатырлардын көбү курман болуп, Манас өзү да катуу жараланып окуя кайгылуу аяктагандан улам сюжетти уланткан Манастын уулу Семетей жана анын жолдоштору жөнүндөгү экинчи бөлүк пайда болгон болуу керек деген алгылыктуу ойду билдирет. Дүйнө элдеринин айрым баатырдык эпосторунда башкы каарман өлгөндөн кийин эл тилегин толук ишке ашыруучу баатырдын укум-тукуму жөнүндөгү эпикалык сюжеттин келип чыгышы да трагедиялуулукка байланышкан. Мындай принциптеги эпостордо башкы баатыр максатына жетпей курман болуп калса, анын ишин улантып, бөксөсүн толтуруп, өктөсүнө чыга турган мурасчы жарала тургандыгы, бирок ал дайыма эле башкы баатырдын карачечекей баласы болбошу да мүмкүн экендиги белгилүү. Г. ц-нүн жаралышын шарттаган дагы бир маанилүү фактор — элдик баатырды, анын жардамчыларын жаңы окуялардын, эрдиктердин тегерегинде көрсөтүү. Бул угуучу аудиториянын талабы боюнча мурунку каармандардын өмүр баянына жаңы окуялар кошумчаланып, анын кийинки укум-тукумунун өстүрүлүшү аркылуу берилет. Фольклорго таандык оптимисттик идеянын күчү ушунда, угуучулар башкы баатырдын өткөн тарыхына караганда анын болочок тагдырына, келечек турмушуна көбүрөөк кызыгышат. Ушуга ылайык эпостун сюжеттик өнүгүшүн кеңейтүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Урпактар тууралуу чыгармалар баатыр атанын өлүмүнө байланыштуу пландаштырылат, себеби, элдин идеяларын туу туткан эпикалык башкы каармандын иштеген иши, максаты биротоло жоголуп калууга тийиш эмес. Анын каардуу душмандарынан өч ала турган жаңы мурасчы келиш керек. Ушунун өзү Г. ц-нүн андан аркы багытын аныктайт. Г. ц. принцибинин негизинде мурунку бөлүмүндөгү тааныш мотивдерди жаңыча түзүп чыгуу (комбинирование) аркылуу жаш баатыр тууралуу мурдагыны уланта турган жаңы эпос жаралат. Мисалы, өзбек эпосу «Алпамышты» анын генеалогиялык уландысы болгон «Жедигер» («Ядгар») менен салыштырсак, дастанды айтуучулар улуу каармандардын катарына кийинки муундагы баатырларды кошуп, негизинен мурунку бөлүмдөгү тааныш сюжеттик комбинацияларды кайталашат. Бирок мында башкы каармандар катары алдыңкы планда жаштар көрсөтүлөт. Алпамыштын ордун Жедигер ээлеп, атасы сыяктуу эле түрдүү окуяларга катышат. Кичинесинен кудалап койгон колуктусун алуу үчүн түрдүү кыйынчылыктарга учурайт. Акыры душмандарынан өч алып, максатына жетет. Башкы баатырлардын эпикалык өмүр баянын ушинтип вариациялоо аркылуу жаңы поэмаларды жаратуу Г. ц-нүн өөрчүшүнүн өбөлгөлөрүнүн бири болуу менен эпос айтуучулардын чыгармачыл зор талантын да далил-дейт. Г. ц. кичи поэмаларда мурунку бөлүмдөгү салттык мотивдер менен кеңири белгилүү стилдик формалардан пайдаланууга толук жол берет. Кийинки муундагы баатырлар ата-бабасынын ишин эпикалык хронологиялык тартипте улантса да, алар туурасындагы поэмалар жакынкы учурларга чейин калыптанып, иштелип журүп олтурганы байкалат. Кыскасы генеалогиялык принцип элдик оозеки чыгармачылыктын көп кылымдык салтын жогорку билгичтик менен пайдалануудан улам ишке ашат. Г. ц. бир эле чыгарманын ар башка элге таандык версияларында ар башкача деңгээлде ишке ашырыла тургандыгына «Көруулу» цикли ачык далил боло алат. Чыгармадагы образдар системасынын терең иштелгендиги, окуяларынын масштабдуулугу циклдештирүүнүн мыйзамынын так аткарылышына байланыштуу болору айрыкча феодалдык мамилелердин ар кайсы этабын чагылдырган эпостордон («Көруулу», «Жангар», «Манас», «Алпамыш» жана башкалар) көрүнөт. Уруу коомун сүрөттөгөн эпостордо болсо циклдик түзүлүш жок катары (маселен, шор эпосторунда; Н. В. Сангажиева, «Джангар» и шорский эпос. — К-пте: Проблемы алтаистики и монголоведения, 1974, 71-б.). Демек, ар бир эпос өзүн жараткан элдин тарыхый жана саясий экономикалык алакаларын чагылдыргандыкхан эпикалык эволюциянын жогорку үлгүсү болгон Г. ц. принциби коомдун өнүгүшүнүн кийинки учурларына туура келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4