Генетикалык информация

Википедия дан

Генетикалык информация укумдан тукумга берилүүчү тукум куума касиет. Организмди түзүүчү заттардын (белоктор жана нуклеин кислоталары) курамы, түзүлүшү жана зат алмашуу мүнөзү жөнүндө информация, ата-бабадан кийинки тукумга гендердин жыйындысы түрүндө өтөт. Генетикалык информация хромосомада дезоксирибонуклеин кислотасынын (ДНК) молекуласындагы нуклеотиддердин ырааттуу тизмеги түрүндө болот. Ал онтогенез учурунда ген белгилерин көрсөтөт. Жыныстык жол менен көбөйүүчү организмдерде генетикалык информация укумдан тукумга жыныс клеткалары гамета, ал эми прокариот микроорганизмдерде генетикалык информация өзгөчө типтеги трансдукция, трансформация аркылуу берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]