Генетикалык туура келбөөчүлүк

Википедия дан

Генетикалык туура келбөөчүлүк - жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр же козу карында жана балырлардын гаметаларында көбөйүү жана өсүүчү клеткаларында кадыресе иш - аракеттенүүчү гаметалардын кошулууга мүмкүн эместиги. Репродуктивдик обочолонуунун бир формасы. Жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн арасында генетикалык туура келбөөчүлүк гүлү кошжыныстуу түрлөрдө таралган. Г. т. к. чаң алгычтын гаплоиддик жана энеликтин диплоиддик ткандарынын ортосунда жүзөгө ашуучу муундардагы жыныссыз, спорофиттик жана жыныстык, гаметофиттик типтерге бөлүнүшөт. Г. т. к. жыныссыз тибинде чаңчанын кыймыл-аракети аталык өсүмдүк, жыныссыз муундун генотибинен көзкаранды, ал эми жыныстык тибинде Г. т. к. - анын өзүнүн, башкача атйканда гаметофиттин, жыныстык муундун гана генотибинен көзкаранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]