Генетика инженериясы

Википедия дан

Генетика инженериясы, ген инженериясы — молекулярдык генетиканын бөлүмү; клетка ээсинде көбөйүп, керектүү заттарды (белокту) синтездөөгө жөндөмдүү, ген материалдын тирүү эмес шартта, максатка ылайык жаңы комбинацияларын алуу. Генетика инженериясы 1972-ж. Америкада П. Бергдин лабороториясында биринчи жолу рекомбинациялык ДНК (рекДНК) алынгандан баштап өнүгө баштаган. Организмден сырткары шартта рекДНКны түзүүдө ферменттердин (реструктазалар, лигазалар) мааниси чоң. Ал ферменттер алынгандан кийин гана жасалма генетикалык материалдарды техникалык жактан иш-аракетке киргизүү мүмкүн болду. рекДНКнын молекуласы шакекче формада болуп, максатка ылайык генди же гендерди жана рекДНКнын көбөйүшүн жана белок синтезин камсыз кылуучу ДНК бөлүгүн камтып турат. Көбүячө ичеги таякчасы жана башка бактериялардан алынган вектор рекДНКга функциялык касиетти берет, анткени анда репликацияны (рекДНКнын көбөйүшүн камсыз кылуучу), гендердин транскрипциясын жана трансляциясын башкаруучу бөлүктөр бар. Генетика инженериясынын жетишкендиктерине байланыштуу көп гендердин клондору алынды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]