Гент

Википедия дан
Гент.

Гент, Ган (нидерландча Gent, фр. Gand) — Бельгиянын батышындагы шаар; Чыгыш Фландрия провинциясынын башкы шаары. Калкы 233,1 миң (2006). Брюсселден түндүк-батышта, Шельда жана Лейе дарыясынын кошулган жеринде жайгашкан. Түндүк деңизиндеги Остенде жана Тернезен порттору менен канал аркылуу байланышат. Деңиз порту (2004-ж. 25 млн ò жүк ташылган). Автомобиль жана темиржолдор тоому. Алгач 7-кылымдан эскерилет. 1794-ж. Франция бийлигинин, 1815-ж. Нидерланд, 1830-жылдан Бельгия королдуктарынын курамына кирген. Готика стилиндеги собор, алтарь, чиркөөлөр, графтардын капкалары, ратуша жана башка сакталган. Университет (анын алдында музейлер), инстититуттар, лапидариум (орто кылымдагы айкелдер топтому), театр жана башка бар. Орган фестивалы (1946-жылдан), И. С. Бах атындагы органчылардын конкурсу (1958-жылдан), эл-аралык кинофестиваль (2000-жылдан), Европадагы эл-аралык эң ири гүлдөр көргөзмөсү (5 жылда бир) өткөрүлүп турат. 2000-ж. үстү жабык стадиондо жеңил атлетика боюнча Европа чемпионаты болгон. Тейлөө чөйрөсү өнүккөн. Өнөр жайдын башкы тармактары: металлургия, автомобиль куруу, электр-техникалык, химиялык, целлюлозакагаз, ошондой эле кеме куруу жана ремонттоо, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Шаар айланасында көптөгөн гүл өстүрүүчү чарбалар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]