Географиялык Маалымат Системасы

Википедия дан

Географиялык Маалымат Системасы (ГМС) — географиялык маалыматты алуу, сактоо, кайра иштетүү, топтоо жана жайылтуу боюнча өзара байланышкан каражаттар комплекси. Ал картографиялык, гидрометеорологиялык, статистикалык, дистанциялык зонд маалыматтарын, ошондой эле экол. мониторинг, экспедициялардын материалдарын жана башкаларды бириктирип, камтыйт. ГМС көптөгөн географиялык маалыматтардын узак убакыттагы эвол. өнүгүүсүнүн жыйынтыгы. Алардын көбү (өлкө таануу, маалымат-наамалар, комплекстик жана тармактык атластар, реферат журналдар, предметтик жана региондук библиографиялык көрсөткүчтөр жана башка) азыр да колдонулууда. Бүгүнкү күндө бат өзгөрүүгө дуушар болгон табигый жана социалдык-экономикалык процесстердин абалы жөнүндө маалыматты тез арада алуу зарылдыгы автоматташтырылган ГМСке өтүүгө мажбурлады. Керектүү маалыматты алуу визуалдык, аспаптык, контакттык же аралыктан байкоо ыкмалары, ошондой эле статистикалык отчёт системасы менен жүзөгө ашат. Көп учурда ГМСке образдардын чечилишин аныктоо жана таануу боюнча автоматтык каражаттар киргизилет. Өзгөчө көңүл ЭЭМдин эсине сактоо түзүлүштөрүн (компьютер, интернет түйүнү жана башка) колдонуу аркылуу тармактык жана универсалдык географиялык маалыматты топтоо банкын түзүүгө бурулат. Алгачкы ГМС Канада, Швеция жана Финляндияда 1960-70-жылдары жер иштетүүнү жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн түзүлгөн. Азыркы учурда ГМСтин саны (дүйнө жүзү боюнча) миңдеп саналууда. Белгилүүлөрү: ArcINFO, INTRGRAPH, MapINFO, Atlas GIS. WinGIS (АКШ), Geograph (Россия) жана башка Аймактын бөлүнүшү боюнча глобалдык, улуттук, региондук, муниципалдык, локалдык ГМС болуп бөлүнөт. Ал эми тематикасы боюнча жер маалымат системасы (ЖМС), кадастрдык (КМС), экологиялык (ЭМС), автоматташтырылган картографиялык (АМС), билим алуучулук, деңиз жана башка ГМС анализдик, тематикалык карталардын жаңы типтерин түзө алат. Алар башкаруу иштеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулат. Мисалы, чөйрөнүн индустриялык булгануусун баалоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, аймактын системалык өнүгүү программасын түзүү, ишканаларга мониторинг жүргүзүү жана башка ГМСте маалыматты кайра иштетүү ЭЭМдеги математикалык жана картографиялык ыкмаларды колдонгон географиялык моделдердин негизинде жүрөт. Маалымат сан, текст, график жана карта түрүндө берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]