Географиялык аянтча

Википедия дан

Географиялык аянтча – физикалык география боюнча байкоо жүргүзүү жана практикалык сабак өткөрүү үчүн атайын жабдылган аянтча. Анда окуу программасына ылайык күндүн бийиктик абалына байкоо жүргүзүү, аянтын аныктоо, алтын казык жана күн боюнча багыт жасоо, аба ырайына байкоо жүргүзүү боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт.

Мектептин окуу – тажрыйба участогунун болжолдуу планы боюнча анда метеорологиялык аянтчаны түзүү каралат. Географиялык аянтча имараттан же бак-дарактан обочо жайгашуусу керек, анткени түш-түктү жана түндүктү караган горизонт мүмкүн болушунча ачык болушу зарыл; айрым учурларда мектептин айланасында жер чакан болушуна байланыштуу географиялык аянтча сырткары жайгаштырылып, бир нече мектеп пайдаланышы мүмкүн. Жеринин бети түз, аянты 12ґ12 метрден 21ґ21 мге чейин болушу керек. Географиялык аянтча окуучунун кадамын аныктоо үчүн ченем – тосмо менен тосулат.


Географиялык аянтчада төмөнкү приборлор, куралдар жана көрсөтмө куралдар болушу зарыл: бой ченегич; 10 мге жеткен бийиктикти ченегич – мамы (башкы нерселердин бийиктиктерин аныктоо үчүн); 1 м2 болгон аянтча (квадрат ченеми жөнүндө түшүнүк болушу үчүн); куб метр (куб ченеми жөнүндө түшүнүк болушу үчүн төрт кырдуу жыгач устундар); аянт өлчөгүч; гномон (чыныгы жана магниттик меридиандардын, магниттик эңкейиштиктин багытарын көрсөтүү, күнгө карата багыт жасоо үчүн); Алтын казык жылдызын көрсөткүч; күн сааты (чыныгы күн убактысын аныктоо үчүн); флюгер (шамалдын багытын жана ылдамдыгын билүү үчүн); абанын нымдуулугун өлчөөчү гигрометр, абанын жана жердин үстүңкү катмарынын температурасын өлчөө үчүн термометр, абанын максималдык жана минималдык температурасын билүү үчүн максималдык жана минималдык термометрлер коюлат; рельефтин формалары (тоолор, түздүктөр), карай таануу бурчу (жергиликтүү тоо тектер, кен байлыктар жана башкалар). Географиялык аянтчага ошондой эле практикалык сабак өткөрүү үчүн столдор жана отургучтар коюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,