Географиялык мейкиндик

Википедия дан

Географиялык мейкиндик Жердин магнит талаасынын жогорку чегинен жер кыртышынын төмөнкү чегине (мантияга) чейин созулган жаратылыш системасы. Түшүнүктү М. М. Ермолаев (1967, 1975) негиздеген. Географиялык мейкиндик негизги төрт бөлүктөн турат:

  1. жакынкы космос (15002000 кмден 65-70 миң кмге чейин), анда Жердин магниттик жана гравитациялык талаалары менен космостук факторлордун өзара аракеттениши жүрөт. Натыйжада, Жердин радиациялык алкагы пайда болуп, ал жердин бетин космостон келүүчү корпускулалык радиациядан сактайт;
  2. бийик атмосфера: төмөнкү чеги тропопауза, анда алгачкы космостук нурлар (протондор) экинчи нурларга (электрон жана мезондорго) айланат, термосферанын ысышы жүрөт, рентген, ультракызгылткөк радиациялары сиңирилип кармалат, озон катмары пайда болот. Жалпысынан бийик атмосфера Жердеги тиричиликти космостун коркунучтуу радиациясынан сактайт;
  3. географиялык катмар: тропопаузадан чөкмө тектер катмарынын (стратисфера) төмөнкү чегине чейин; бул катмарда бизге белгилүү жер бетиндеги түрдүү табигый процесстер жүрүп турат;
  4. тереңдеги жер кыртышы: стратисферанын төмөнкү чегинен мантиянын жогорку чегине (Мохоровичич чегине) чейин, ал жердин бетинин рельефинин негизги формаларын, магмалык жана метаморфизмге дуушарланган тоотектерди калыптандырган эндогендик процесстердин аренасы.

Географиялык мейкиндик концепциясы «дөшү» болгон жер кыртышы менен «балка» болгон космостук таасирлердин аралыгындагы географиялык катмардын абалын аныктайт. Географиялык мейкиндиктин жогорку бөлүктөрү жер бетинин жаратылышын космостук түз таасирлерден коргосо, төмөнкү бөлүгү жердин ички күчтөрүнүн түз таасирлеринен сактайт. Демек, географиялык мейкиндиктин четки бөлүктөрү жер бетиндеги жаратылыш процесстеринин болуу мүмкүндүгүн (өзгөчө тиричиликтин) аныктаса, географиялык катмардын өзгөчөлүктөрү алардын мейкиндикте таралышын аныктайт. Айрым адабияттарда географиялык мейкиндик географиялык катмардын чегиндеги объектилердин карым-катнаштарынын жыйындысы катары каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]