Геодинамика

Википедия дан
Eyjafjallajökull (Исландия, 29-03-2010).

Геодинамика - (гео... жана грек тилинде dynamis күч) – жер кыртышындагы, мантиясындагы жана ядросундагы (массанын тереңдиктеги жана үстүңкү кыймылын пайда кылуучу) процесстерди жана күчтөрдү изилдеген илим; геологиянын бир тармагы. Геодинамика эндогендик процесстерди (жер түпкүрүндөгү геологиялык процесстер) жана экзогендик процесстерди (жердин үстүнкү катмарындагы геол кубулуштарды) иликтейт. Геодинамикалык изилдөөдө магнитометриялык, сейсмометриялык, гравиметриялык ж. б. маалыматтар, ошондой эле геологиялык моделдештирүү, геохимиялык мүнөздөмөлөр пайдаланылат. Геодинамикалык изилдөөлөрдүн негизин литосфера плиталарынын тектоникасы түзөт. Сызыксыз Геодинамика жер түпкүрүндө болуучу мезгилсиз, башаламан ж. б. импульстук процесстерге байланыштуу, ошондой эле күтүүсүз факторлордун (кометалардын кыймылы, метеориттердин түшүүсү ж. б.) таасиринен пайда болгон процесстерди жана кубулуштарды да изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]