Геологиялык серия

Википедия дан

Геологиялык серия — ири аймактарда таралган чөкмө, жанар тоо жана метаморфизм тоо тектеринин калын жана татаал түзүлүштөгү катмарлары; жергиликтүү стратиграфиялык бөлүнүштөрдүн чоңураак бирдиги.

Ал жалпы стратиграфиялык бирдиктерге ажыратууга болбой турган тоо тектерден түзүлгөн аймактарда бөлүнөт. Геологиялык съемкалар бири биринен маанилүү ири стратиграфиялык жана бурчтук келишпестиги менен ажыратылат. Серия гео­логиялык свиталарга бөлүнөт жана анын аты алгачкы бөлүнгөн жердин географиялык аты менен аталат (мисалы, Жетим сериясы). Көлөмү боюнча геологиялык съемка геология­лык бөлүмгө жакындашат, бирок андан коп же аз болушу мүмкүн. Геологиялык съемканы бөлүү белгилүү аймактын геологиялык өпүгүшүн, кендердин жашын жана таркалышын изилдөөгө көмөк берет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.