Тоо тектер

Википедия дан
Андезит.
Гранит.

Тоо тектер - жер кыртышын тузген белгилүү составдагы жана түзүлүштөгү табигый минералдардын агрегаттары.

Алар геологиялык тулку турүндө жатат. тоо тектер түрдүү составдагы минералдардын механикалык кошундусу. Структура менен текструктурасы курамындагы минерал бөлүкчөлөрдүн (бүртүкчөлөрдүн) формасына, өлчөмүнө жана өз ара жайгашына жараша болот. тоо тектердин курамы, түзүлүшу жана жер кыртышында жайгашуу шарттары аларды пайда кылган геологиялык процесстерге байланыштуу. тоо тектер ал процесстердин негизги түрлөрүнө жараша үч топко - магма, чөкме, метаморфизмделген болуп бөлүнөт.

Магма тоо тектери магманын сууп катуулануусунан пайда болот. Жер кыртышынын тереңинде магма акырындык менен сууйт да, андан жакшы кристаллданган тоо тектер (гранит, сиенит, диорит ж. б.) пайда болот. Ал эми жер бетине лава турундо агып чыккан магмадан начар же такыр кристаллданбаган эффузии тоо тектери (базальт, андезит, липарит ж. б.) пайда болот. Магма тоо тектерин тузуучу негизги минералдар - алюмосиликаттар менен силикаттар. Магма тоо тектери кремнийкислотасына бай келет.

Чөкмө тоо тектер деңиз жана континент чөкмөлөрүнүн төмөнкү температуpa менен басым шартында өзгөрүүсүнөн пайда болот. Алар пайда болушуна жараша кесек (брекчия, конгломерат, кумдук, алевролит), чопо, хемоген, биохемоген жана органоген тектери болуп бөлүнөт. Чөкмө тоо тектерге катмарлуулук мунөздүү. Метаморфизмделген тоо тектер чөкмө жана магма тоо тектеринин өзгөрүшүнөн пайда болот. Магмага жакын жаткан тоо тектер ысыктан өзгөрөт, ошондой эле магмадан бөлүнүп чыккан химиялык активдүү бирикмелер (айрыкча түрдүү суу эриндилери) жолундагы тоо тектерди өзгөртөт; жер кыртышынын терең катмарына чөккөн тоо тектер жогорку температура менен басымдан метаморфизмделет.

Метаморфизмделген тоо тектерге кристаллдык сланецтер, роговик, скарн, гнейс, амфиболит, мигматит ж. б-лар кирет.

Тоо тектер минералдык курамы менен тузүлүшүнө жараша тыгыздык, серпилгичтик, басымдык, магниттик ж. б. касиеттери менен мүнөздөлөт. тоо тектер тоокен иштеринин объектиси катары турдүү технол. касиеттер (катуулук, абразивдүүлүк, бекемдик, бургулануучулук, жарылгычтык ж. б.) менен мүнөздөлөт. тоо тектердин заттык курамы, физ. жана физ.-хим. касиеттери геофизикада, геологияда, ошондой эле тоо-кен ишинде изилденет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.