Геологиялык ярус

Википедия дан

Геологиялык ярус (катар) — жалпы стратиграфиялык шкалада геологиялык бөлүмдүн бир бөлүгү, ташка айланган байыркы организм калдыктарынын белгилүү бир комплекси менен мүнөздөлгөн жанa бир гео­логиялык кылымдын ичинде пайда болгон тоо тектердин жыйындысы.

Геологиялык ярус Жердин геол. өсүп-өөрчүшүнүн белгилүү бир этабына туура келет. Анын көлөмү менен чеги Жердин жанa органикалык дүйнөнүн өнүгүшүнүн белгилүү бир стадиясын чагылдырган геологиялык жанa палеонтологиялык белгилердин негизинде аныкталат.

Геологиялык ярус геологиялык зоналарга же горизонтторго бөлүнөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.