Геометрикалык орун

Википедия дан

Геометрикалык орун — белгилүү касиетке ээ болгон тегиздиктеги же мейкиндиктеги чекиттердин (сызыктардын) жыйындысы.

Мис., берилген чекиттен бирдей алыстыкта жайгашып, бир тегиздикте жаткан че­киттердин Геометрикалык оруну — радиусу бол­гон айлана; берилген бурчтун жактарынан бирдей аралыкта жалгашып бурчтун ичинде жаткан чекиттердин. Геометрикалык оруну биссектриса ж. б. Геометрикалык орун — эскирген термин, ал кийинки мезгилде чекиттердин көптүгү деген термин менен алмаштырылды.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.