Георгий Гачев

Википедия дан
Георгий Гачев
(фото: Леонид Латынин, 2005)

Гачев Георгий Дмитриевич (1929 -- 2008) - болгар тектү орусиялык адабиятчы, маданият таануучу, философ, филология илимдер доктору (1983), Россия ИАнын корр. мүчөсү.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Г.Гачев 1929-жылы Москвада бозгундагы болгар коммунисти Дмитрий Гачевдин үй-бүлөсүндө туулган.
ММУнун филология факультетин бүтүргөн.

Москва шаарындагы Дүйнөлүк адабият инстититутунда, Россия ИАнын Славянтаануу жана балканистика инстититутунда иштеген.

2008-жылы электр поюзунун алдында калып кайтыш болгон.

Илимий жана адабият таануудагы ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Адабияттын тездетилген өнүгүшү» (1964) китебинин, «Көркөм формалардын мазмундуулугу. Эпос. Лирика. Театр» (1968), «Көркөм аңсезимдин жашоосу. Образдын тарыхы боюнча очерктер» (1972), «Орус көркөм маданиятындагы образ» (1981) аттуу теориялык эмгектердин автору.

Ч. Айтматовдун чыг-лыгы боюнча «Сүйүү, адам, доор» (1965), «Чыңгыз Айтматов жана дүйнөлүк адабият» (1982), «Дүйнөнүн улуттук образдары» (1988) сыяктуу эмгектерди жазган.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Болгар Эл Республикасы Кирилл жана Мефодий ордендеринин (1980) ээси.

Болгар ИАнын София университетинин, Паисиа Хилем Дорский атындагы сыйлыгынын ээси (1980).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]