Герасимов Михаил Михайлович
Герасимов Михаил Михайлович [2 (15). 9. 1907, Россия империясы, Петербург шаары – 21. 7. 1970, СССР, Москва шаары] – орус окумуштуусу, антрополог-скульптор, археолог, тарых илимдеринин доктору (1956). СССР Илимдер Академиясынын Этнография институтунда пластикалык жол менен калыбына келтирүү лабораториянын башчысы (1950-70) болуп иштеген. Ал адамдын баш сөөгү боюнча анын бет түзүлүшүн калыбына келтирүү методун негиздеген. 100дөн ашык байыркы адамдардын (австралопитек, питекантроп, синантроп), кейпин, ошондой эле 20дан ашык тарыхый ишмерлердин (Ярослав Мудрый, Тимур, Улугбек, Иван Грозный), Орто Азиядагы Тешик-Таш үңкүрүнөн табылган неандерталдыктын, андрон, кеңкол маданияттарынын өкүлдөрүнүн, согдулуктун, ак-сөөк скифтин ж. б. келбетин түзүп, калыбына келтирген. Жогорку палеолит дооруна таандык Мальта турак жайын ачкан жана изилдеген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1950). «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Мальта — палеолитическая стоянка. Иркутск, 1931; Восстановление лица по черепу. М., 1955; Опыт воспроизведение документального портрета по скелету из Панджруда. Душ., 1958; Люди каменного века. М., 1964.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4