Гербарт, Иоганн Фридрих
Көрүнүш
| Толук аты-жөнү | Иоганн Фридрих Гербарт |
|---|---|
| Англис тилинде | Johann Friedrich Herbart |
| Төрөлгөн | 4.5.1776 Ольденбург, Германия |
| Көз жумган | 14.8.1841 Гөттинген, Германия |
| Доор | XIX кылым |
| Аймак | Философия, Психология, Педагогика |
| Мектеп | Классикалык Немис философиясы |
| Олуттуу идеялары | Тарбия берөүүчү окуу, Авторитардык окуунун теориясы |
Гербарт Иоганн Фридрих (нем. Johann Friedrich Herbart, Бугу айынын 1 1776, Ольденбург — Баш оона айынын 14, 1841, Гөттинген) – немис идеалист философу, психолог жана педагог.
Йен университетин бүтүргөн. «Метафизиканын башкы пунктары» (1805), «Тарбия максаттарынын негизиндеги жалпы педагогика» (1806), «Педагогикалык окуунун очерки» (1835) өңдүү чыгармалардын автору. Гербарт идеалист-метафизик болгон. Ал болмуштун негизинде түбөлүк өзгөрбөгөн, билүүгө болбой турган «реал» жатат деп эсептеген. 19-кылымдын 2-жарымында бурж. педагогикада Гербарттын окутуунун төрт баскычы («айкындык», «ассоциация» «система», «метод») жөнүндөгү концепциясы кеңири пайдаланылган. Гербарт. окуу ишинде тил менен математиканы жогору баалаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8