Германия Социал-демократикалык партиясы

Википедия дан

Германия Социал-демократикалык партиясы (ГСДП). Бул пар­тиялык түзүлүшүнө К. Маркс менен Ф. Энгельс тарабынан негизделген Коммунисттер союзунун иши, I Ин­тернационал идеясынын Германия таралышы, Маркс, Энгельс менен алардын шакирттеринин бурж. идеологияга жанаа майда бурж. социализмдин ар кандай агымдарына каршы күрөшү өбөлгө болгон.

1869-ж. Эйзенах шаарындагы съездде Жумушчу союздарьшьш Нюрнберг бирикмесине Жалпы герм, лассалчыл жумушчу союзунун сол­чул элементтери кошулуп, натыйжада Германия социал-демократ жумушчу партия­сы келип чыккан. 1875-ж. Гота ш-нда өткөн съездде эйзенахчыларга лассалчылар кошулуп, андан Германия с.-д. партиясы (1890-жылга чейин Соц. жумушчу партия) түзүлгөн. Бул бириктирүүчү съездде кабыл алын­ган анын программасында лассалчыл ой-пикир басымдуулук кылып, про­лет. диктатурасы ж-де эч нерсе айтылган эмес. Ал программаны Маркс катуу сындаган.

1891-ж. Эрфурт ш-нда болгон съездде ГСДПнин жаны программасы кабыл алынган. Гота программасына Караганда бул бир кадам алга жылыш эле. Анда жумушчу та­бынын саясий бийликке жетиши, таптардын ж-а таптык үстөмдүктүн жоюлушу керек экени айтылган. Би­рок пролет, диктатурасы тууралуубул программада да сөз козголгон эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.