Герман Минковский

Википедия дан
Hermann Minkowski
Илимий чөйрөсү:

математика, физика

Герман Минковский — Россияда туулса да бала чагында Германияга жөнөтүлүп, Кенигсбергде жана Берлинде жогорку билим алган.

Он сегиз жашар студент кезинде ал Париж илимдер Академиясына квадраттык формалар теориясы жөнүндө чыгармасын сунуш кылган. Жаш математиктин чыгармасы математика боюнча чоӊ сыйлыкка татыктуу болгон. Минковский өмүрүнүн акыркы жылдары электрондук теориянын жана салыштырмалуулук постулатынын негизинде кыймылдагы чөйрөлөрдүн электродинамикасы менен активдүү алектенген.

Ал тарабынан алынган, кийинчерээк «Минковскийдин теӊдемелери» деп аталган теӊдемелер Лоренцтин теӊдемелеринен бир аз айырмаланышат, бирок эксперименттик фактыларга ылайык келишет. Минковскийдин электродинамикасы - төрт өлчөмдүү электродинамика. Минковскийдин «Кыймылдагы телолордогу электродинамикалык процесстер үчүн негизги теӊдемелер» аттуу макаласы, «Салыштырмалуулук принциби» жана «Мейкиндик жана убакыт» деген эки баяндамасы менен бирдикте төрт өлчөмдүү дүйнөдөгү физикалык процесстердин математикалык теориясын түзөт, анда Лармор - Эйнштейндин өзгөртүп түзүүлөрү көргөзмөлүү геометриялык интерпретация алышат.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жуманова М.М., Алиева Ч.М. Өчпөс ысымдар – Немеркнущие имена: Физиканын тарыхы боюнча кыргызча-орусча библиографиялык окуу-сурап билме куралы / Проф. Б.А.Араповдун редакциясы астында. –ОшМУнун «Билим» редакциялык-басма бөлүмү, 2007. – 87 б., кырг., орус тил.

Калып:Math-bio-stub Калып:Physicist-stub Калып:Scientist-stub Калып:Chemist-stub