Геронтократия

Википедия дан

Геронтократия (лат. geron – кары, kratos – бийлик) – бийлик аксакалдарда болгон башкаруу принциби; алгачкы коомдо, анан таптык коомдо коомдук түзүлүштүн структурасын негиздөө үчүн этнографияга киргизилген түшүнүк.

Сталин, Мао Цзе-дун, Бегин, Тито, Брандт, Рейган сыяктуу фигураларды изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаш курак өзгөчөлүктөрү саясий системаларда лидерликке жетишүүдө кээде жолтоо, кээде абдан керек болот. Мында саясий лидер өз милдетине кеч шайланат, аларга ордун башка бирөөнү берүүгө учур келсе деле көбүнчө бийликте кала беришет. Жетектөөнүн бекемделип калган принциптерине таянып, Геронтократия оор мезгилде туура чечим кабыл алып, кырдаалга туруштук берүүсү мүмкүн. Бирок чындыгында «аксакалдардын» бийлиги жетишерлик импульска ээ эмес, анын негизги күчү анахроникалык консерватизмде. Бирок, традицияга таянган коомдо деле, мисалы, католиктик Рим чиркөөсүндө кардиналдын эң жогорку жашы чектелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-011-9