Гетеризм

Википедия дан

Гетеризм — байыркы грекче гетера деген сөздөн чыккан термин; жыныстык катнашуулардын тартипке салынбагандыгынан улам жыныстардын ортосундагы мамилелердин башталыш тарыхый формасын жана ал форманы алмаштырган аралаш никени белгилөө үчүн швейцариялык тарыхчы И. Я. Бахофен тарабынан орунсуз киргизилген.

Азыркы илимде бул «промискуитет» деген термин менен белгиленип, бир катар элдерде сакта­лып калган аралаш нике саркындыларын атоо үчүн гана колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.