Гештальт

Википедия дан

Гештальт(нем. сestat – бүтүндүк форма, образ, структура) – психологиялык татаал кубулуштарды талдоодо структура принцибин колдонуу зарыл деп эсептеген чет өлкөлүк идеалисттик психологиянын бир багыты.

Гештальт 20-кылымдын башында Германияда пайда болгон. Гештальтга фон Эренфельс негиз салган (1890). Гештальттын башкы өкүлдөрү: немис психологдору М. Вертхеймер, В. Келер, К. Коффка, К. Левин психиканын негизги элементин сезим эмес, кандайдыр бир психикалык структуралар же «гештальттар» түзөт деп эсептешкен.

Гештальт теориясы индивиддин айлана-чөйрөдөн жана тажрыйбалык иш-аракеттен ажыратылгандыгына негизделген. Ал мыйзам кубулуштарга да жайылтылган. Бул теория И. Павлов, Л. Выготский тарабынан катуу сынга алынган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8