Гибсон чөлү

Википедия дан
Гибсон чөлү.

Гибсон чөлүАвстралиянын батышында; Чоң кумдуу чөл (түндүгүндө) менен Виктория Чоң чөлүнүн (түштүгүндө) аралыгында. Бийиктиги 300–500 м келген шагылдуу плато; чыгышында калдык токол тоолор бийиктиги 762 м, батышында шор жерлер бар. Жылдык жаан-чачыны 250 ммдей. Сейрек акация бадалы, спинифекс өсөт. Мал жайытты. Чөл аны алгач ачкан (1873) англиялык экспедициянын мүчөсү А. Гибсондун урматына аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]