Гиджак

Википедия дан

Гиджак, гыджак - тажик, уйгур, өзбек, түркмөн элдерине кеңири тараган жаалуу тартма байыркы музыкалык аспап.

Бир түрү кяманча. 2-3 кыл тагылат. Квартага күүлөнөт. Гиджакта жеке ойноо кеңири тараган. Ошондой эле ансамблде да ойнолот. Өзбектердин өркүндөтүлгөн Гиджагына 4 кыл тагылат. 20-30-ж-да альт, бас, контрабас түркүмдөрүнөн турган оркестр уюштурулган. Алардын бардыгы эл аспаптар оркестринин өзөгүн түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.