Гидрография

Википедия дан

Гидрография (гидро... жана ...гра­фил) — гидрологиянын суу объектилерин жана алардын айрым бөдүктөрүн мүнөздөп жазуучу бөлүмү.

Ал экиге бөлүнөт:

1) кургактык гидрологиясынын Гидрографиясы айрым суу объектилеринин (дарыя. көл, суу сактагыч) алган ордун, физ. геогр. шарт­тарын, көлөмү менен режимин, пайда­лануу жолдорун жана кишилердин тийгизген таасиринен алардын ре­жиминин өзгөрүшүн изилдеп, мүнөздөйт.

2) Океанология Гидрографиясы океандарга жүргүзүлгөн байкоолорго мүнөздөмө берет. Мында Дүйн. океандын гидрометеорол. режими м-н геод. талаалары, жээк түзүлүштөрү, океан менен деңиз түптөрүндөгү кыртыштар ж-а алардын рельефинин динамикасы изилденет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.