Гидродинамикалык кыймыл өткөргүч

Википедия дан

Гидродинамикалык кыймыл өткөргүч — кыймылдаткычтан берилген айлануу моментин же машинанын валынын айлануу жыштыгын баскычсыз өзгөртүп берүүчү меха­низм.

Гидродинамикалык кыймыл өткөргүч насос менен турбина калактарынын иштөө эсебинен жумушаткарат. Бул кыймыл өткөргүч бири бирине кийиштирилген борбордон четтөөчү насос менен турбина түрүндө 20- кылымдын аягында сунуш кылынган.

На­сос м-н турбинанын ортосу айланта көңдөй болуп, ага май же суу толтурулат. Деңгөлөктөрү кыймылдаткычка бириктирилген насос суюктукту кыймылга келтирип айландырат. Суюктуктун насостон алган энергиясы турбина аркылуу жүргүзүүчү машинага берилет. Эки дөңгөлөктүү (насостуку жана турбинаныкы)

Гидродинамикалык кыймыл өткөргүчтүн эки валындагы айландыруу моменттери барабар болот да, ал кый­мыл өткөргүч гидродинамика­лык муфта (гидромуфта) деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.