Гидродинамикалык трансформатор
Көрүнүш
Гидродинамикалык трансформатор — гидродинамикалык кыймыл өткөргучтун бир түрү.
Азыркы кездеги Гидродинамикалык трансформатор. бир корпустун ичинде жангашкан насостук, багыттоочу жана турбиналык дөңгөлөктөрдөн турат. Насостук дөңгөлөк кыймылдаткычтын, турбиналык дөңгөлөк жумушчу машинанын валы менен туташтырылган. Айландыруучу момент насостук дөңгөлөктөн турбиналык дөнгөлөккө жумушчу суюктуктун жардамы менен берилет. Гидродинамикалык трансформатор автомобиль, трактор, тепловоз ж. б. машиналардын күч берүү системаларында кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.