Гидрометрдик айлангыч

Википедия дан

Гидрометрдик айлангыч — суу агымынын ылдамдыгын өлчөөчү аспап. Гидрометрдик айлангычтын иштөө принциби агын сууга түшүрүлгөн калакчалуу баранын айлануу саны м-н суу агымынын ылдамдыгы ортосундагы байланышка негизделген.

Баранын айлануусун аспапка орнотулган эсептегич мехаиизми белгилейт же Электр сигнал системасы аркылуу байкоочу кабыл алат. Гидрометрдик айлангыч менен 0,03тон 10—12 м/сек га чейинки ылдамдыктагы суу агымы олчонот.

Тунгуч Гидрометрдик айлангыч 1890-ж. жасалган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.