Гидростатика
Jump to navigation
Jump to search
Гидростатика - (гидро... жана статика) – гидроаэромеханиканын суюктуктардын тең салмактуулугун жана суюктук куюлган идиш беттерине, тынч турган суюктукка чөгөрүлгөн нерсеге болгон аракетин изилдөөчү бөлүмү. Гидростатиканын негизги маселеси суюктуктагы басымдын бөлүштүрүлүшүн изилдөө. Анын негизги закондорунун бири суюктукка же газга матырылган нерсеге аракет эткен түртүү (мисалы, суу астындагы кеменин капталына жана түбүнө) күчүнүн чоңдугун аныктоочу Архимед закону. Закондун негизинде кеменин сүзүшү жана сууга матырылышы каралат. Гидравликалык пресс, гидравликалык аккумулятор, суюктук манометри, сифон ж. б. машиналар менен приборлор Г. закондорунун бири Паскаль законуна негизделип иштейт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4