Гидротехникалык курулуш

Википедия дан

Гидротехникалык курулуш — суу байлыгын (дарыя, көлмө, деңиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуш.

Гидротехникалык курулуш деңизде, дарыяда, көлдө, обуттарда болушу мүмкүн.

Ал тейлөө тармагы б-ча энергетика, мелиорация суу транспорту, карагай агызуу, ба­лык чарбасы, суу менн камсыз кылуу, спорт максатында курулат.

Жалпы ж-a атайын Гидротехникалык курулуш болуп бөлүнөт. Жалпы Гидротехникалык курулушка суу басымын көбөйтүүчү, суу өткөрүүчү, жөнгө салуучу, суу токтотуучу, артыкбаш сууну агызуучу курулуш кирет. Ата­йын Гидротехникалык курулушка суу энергиясы пайдаланылуучу курулуш (гидроэлектрстанция имараты, бассейндер), суу транспортунун курулушу (кеме өткөруучу шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), порт курулушу (мол, док, пирстер), магистралдуу-мелиорация ку­рулушу жанa суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз; балык чарбасындагы балык өткөргүч, балык көлмөлөрү ж. б. кирет. Кыргызстандагы Гидротехникалык курулуштан Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Арча ГЭСи ж. б-лар бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.