Гильберт проблемалары

Википедия дан

Гильберт проблемалары1900-жылы Парижде өткөрүлгөн Эл ара­лык математикалык конгрессте немец мате­матиги X. Гильберт (18621943) сунуш кылган негизги 23 проблема.

Алар математиканын бардык тармактарына тиешелүү. Гильберт проблемалары көптуктөр теориясын ж-a математиканы негиздөөдөн башталып, геометриянын негиздерине, үзгүлтүксүз группалардьш теориясына, сандар теориясына, ал­гебра жанa алгебр, геометрияга өтөт да, анализ (дифференциал теңдемелер, айрыкча айрым туундулуу диф­ференциал тецдемелер) менен бүтөт. Ыктымалдык теориясы менен механиканын аксиоматикасына арналган алтынчы проблема өзгөчө роль ойнойт.

Гильберт проблемаларынын айрымдары, мис., бешинчиси (ар кандай локалдык-евклиддик топологиялык группа Ли группасы болобу) жана он жетинчиси толук чечилген.

Гильберт проблемаларынын арасында азыр да чечиле элек жалпы көрүнүштөгү жетинчи даражалуу тецдемени эки аргументтен гана көз каранды болгон функциялардын жардамы менен чыгарууга болбостугу жөнүндөгү он үчүнчү, вариациялык эсептөөлөргө тиешелүү он тогузунчу жанa жыйырманчы сыяктуу проблемалар бар.

19—20-кылымда коюлган Гильберт проблемалары 20-кылымда математиканын өнүгүшүндө чоң роль ойноду.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.