Гимирра (эл)

Википедия дан

ГимирраЭфиопиянын түштүк-батышында жашаган кушит эли. Алар тоодо жашаган мажи этникалык коомчулукка жакын. Жалпы саны 190 миң адам.

Раса

Гимирра эли өткөөл эфиопиялык расага таандык.

Тил

Гимирра (бенчо-омот) тилинде сүйлөшөт. Ал тил Афразия макробүлөнүн кушит уясынын курамына кирет. Диалектилер арасында эң негизгилери гимирра (бенчо), миеру, шако, кээде өзүнчө тилдер катары аныкталат.

Дин

Көпчүлүк салттуу культтарды карманышат. Монофизит христиандары бар.

Чарбалык иштер

Көпчүлүгү айылдык бирикмелерде уюшулган дыйкандар. Кол менен иштетилген жер чарба (таруу, сорго, банан ж.б.) өнүккөн.

Маданият

Материалдык маданият жалпы эфиопиялык типте. Каффа (гонг) жана амхаранын маданий таасири байкалган.

Тарых

Орто кылымдарда гимирра элинин феодалдык бирикмелери болгон, алар 17-кылымда Каффа падышачылыгынын, 19-кылымдын аягында Эфиопия империясынын курамына кирген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]