Гипоид өткөргүчү

Википедия дан

Гипоид өткөргүчү — кайчылаш октуу конус түрүндөгү дөңгөлөктөр аркылуу кыймыл берилүүгө ылайыкталган сайлуу жанa тиштүү кыймыл откоргуч.

Гипоид өткөргүчүндө кичинекей тиштүү дөңгөлөктүн огу чоң тиштүү дөңгөлөк огуна карата жылышат. Гипоид өткөргүчүнүн дөңгөлөгү кыйгач же ийри сызыктуу, тиштүү болуп, октору 90°тук бурч менен кайчылашат. Гипоид өткөргүчү түйүндөш беттердин жакшы сүрүлүшүн камсыз кылып, анда кыймыл жай, салмактуу, дабышсыз берилет. Гипоид өткөргүчү автомобилдердин жана тракторлордун жетелөөчү дөңгөлөктөрүндө, тепловоздордо, токуучу машиналарда айлануу кыймылын бир валдан ондогон бөлүктөргө (валга) берүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.