Гипоплазия

Википедия дан

Гипоплазия (гипо... жана гр. plasis — түзүү, пайда болуу), гипоге­незия — бүтүндөй организм же дене бөлүгүнүн, органдын, ткандын то­лук жетилбей калышы.

Ал эненин организминде тамак-аштын жетишсиздигинен, нур энергиясынын жана кээ бир жугуштуу оорулардын (грипп, токсоплазмоз) түйүлдүккө тийгизген таасиринен пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.