Гипотеза

Википедия дан

Гипотеза (грек. gypothesis – негиз, жоромол) – ырастыгы тажрыйбада али такталбаган кубулушту түшүндүрүү үчүн илимде пайдаланылуучу ыкма, метод.

Ар кандай илимде Гипотеза тааным процессинде башталып, илимдин өнүгүү жолдорундагы кыйынчылыктарды чечүүдө пайдаланылат. Гипотезанын чындыгы практикада, тажрыйбада текшерилет. Эгерде Гипотезанын натыйжалары тажрыйбага карама-каршы келсе, анда ал Гипотеза кабыл алынбай, анын ордуна жаңы Гипотеза сунуш кылынат.

Гипотезасыз эч бир илимий тармактын өнүгүшү мүмкүн эмес. Азыркы илимдин мүнөзү, илимий изилдөө экспериментинин татаалдыгы барган сайын теориялык ойлоого, Гипотеза көбүрөөк муктаж болууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]