Метод

Википедия дан

Метод (гр.— текшериш) — бул же тигил тарыхый доорлордогу адабий жана искусство чыгармаларынын чындыкка карата эстетикалык мамилеси, предмет чагылдыруунун өтө кеңири жалпыланган принциби. Ар бир искусство чыгармасы сөзсүз түрдө белгилүү бир методдун принциптерине негизделет. Адабий метод адамзат коомунун тарыхый өсүп-өнүгүшү, жеке автордун дүйнөгө көз карашы менен тыгыз байланыштуу. Ар бир доор, мезгил өзүнө ылайык келген адабий методду тандап алат. Себеби жазуучуну курчап турган идеалдардын тиби алардын өз ара мамилелерин билдирүүчү сүйлөшүү формалары, ар кандай турмуштук конфликттери, алардын этикасындагы нормалардын принциптери жеке жазуучуга гана эмес, жалпы доорго тиешелүү нерсе болуп саналат. Метод деген түшүнүк толуп жаткан стилдеги өз алдынча сүрөткерлердин чыгармачылыгын жалпылап, алардын окшош белгилерин көрсөтүп турат. Дүйнөлүк адабияттын азыркы процессинде кеңири пайдаланып жаткан социалистик реализм методуна чейин эле классицизм, романтизм, реализм, сын реализми методдору жашап келген. Көптөгөн жазуучулар ушул методдордо классикалык баалуу чыгармаларды жазып калтырып кетишкен. Мезгилдин, элдин жашоо турмушунун, аң-сезиминин өзгөрүшү менен бир метод активдүүлүгүн жоготуп, анын ордуна экинчи бир метод келген. Адабий процесстин күчтүү өнүгүшү, жаңыланышы менен жаңы методдор пайда болгон, ар бир метод өзүнүн таланттуу өкүлдөрүн жараткан. Айрым бир жазуучулар адегенде бир методдо чыгармачылыгын баштайт да, кийин башка бир методго өтүп кетет. Адабий методдон башка да адабий агымдар болушу мүмкүн, бирок алар адабий процесстеги убактылуу гана жашоочу жалпыланбаган көрүнүштөр. Мисалы, натурализм, сентиментализм, акмеизм, футуризм жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]