Гиротахометр

Википедия дан

Гиротахометр (гиро жана тахометр) — объектинин бурчтук ылдамдыгын аныктоо үчүн колдонулуучу гироскоптуу түзүлүш.

Эки баскычтуу астатикалык гироскопту пайдаланууга негизделген Гиротахометр кецири таралган. Гиротахометр менен бурчтук ылдамдыктын секундасына градустун ондон бир үлүшүнө чейинки өзгөргөндүгүн өлчөөгө болот. Гиротахометр негизинен учуучу аппараттарда бурулууну көрсөткүч жана автомат системасынын сезгич элемента катары жана кемелерде термелүүнү басаңдаткычтарда колдонулат.

Мындан тышкары гиротахо-aкселерометр деп аталган прибор да пайдаланылат. Бул прибор менен бир эле убакта объектинин бурчтук ылдамдыгы жана бурчтук ылдамдануусу аныкталат.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гироскоп

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.