Гироскоп

Википедия дан
Гироскоптун 3-даражадагы негизги касиетинин иллюстрациясы
Механикалык гироскоптун процессиясынын анимациясы

Гироскоп (гиро жана гр. skopeo — байкайм) — мейкиндикте айлануу огунун багытын өзгөртө алган тез айлануучу катуу нерсе.

Айлануу кыймылында болуучу асман телолору, артиллерия снаряды, кемелерде орнотулган турбинанын ротору, балдардын оюнчук чимириги ж. б. гироскоптук касиетке ээ. Гироскоп касиетине негизделип түзүлгөн ар кандай приборлор, механизмдер (мисалы, гироскоп компасы, стабилизатор) самолёт, деңиз кемеси, ракета ж. б. кыймылын автоматтык башкаруу үчүн, алардын алга жылуу же бурчтук ылдамдыгын ченөөдө жана кыймыл багытын, тараптарды аныктоо үчүн кеңири колдонулат.

Механикалык гироскоптун прецессиясы

Гироскоптун касиети төмөнкү эки шарт аткарылганда байкалат:

  • Гироскоптун айлануу огу мейкиндикте өз багытын өзгөртө алышы керек;
  • Гироскоптун өз огунда айлануусунун бурчтук ылдамдыгы ок багытын өзгөрткөндөгү бурчтук ылдамдыктан алда канча чоң болушу талап кылынат.

Айлануу огу мейкиндикте эркин айланыш үчүн техникада колдонулуучу Гироскоп атайын рамкага бекитилет.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Wiktionary

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]