Гистогенез

Википедия дан
Гаструляция.

Гистогенез (гр. histos — ткань жана генез), ткандардын өөрчүшү — кишинин жана айбанаттын ткандарынын калыптанышын, жашоо жана кайра калыбына келишин камсыз кылуучу закон ченемдүү процесстердин жыйындысы.

Гистогенездин негизинде түйүлдүктүн өөрчүшүнүн алгачкы стадиясында эле башталуучу клеткалык дифференция жатат. Клеткалардын кайсы бир функцияны аткарууга дифференцияланышы—эволюциялык өнүгүүнүн натыйжасында пайда болгон өтө татаал процесс. Ал гендердин активдүү аралашуусу менен гана ишке ашат. Натыйжада организмде белгилүү бир кызматты аткарган, аны аткарууга формалары, түзулуштөру ылайыктанган клеткалардан жана клетка аралык чөйрөдөн турган системалар, ткандар калыптанат.

Гистогенезди гистология изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.